• Башкы бет
  • Биз жөнүндө
    • Биз жөнүндө
    • Биздин максаттар
    • Биздин команда
    • Байланыш
    • Кызматташтык
  • Долбоорлор
    • Долбоорлор
    • Дин жана мамлекет
    • Балдардын билим алуу укугун коргоо
    • «Коопсуз мектеп» долбоору
    • Мыкты мугалимдерди колдоо
    • Балдарды мектепке кайтаруу фонду
  • Изилдөө
    • Изилдөө
    • Баяндамалар
    • Эксперттик анализ
    • Инфографика
    • Эксперт менен маек
    • Көз караш
    • Жаңылыктар
  • Булан TV
    • Булан TV
    • ТВ программалар
    • Тегерек столдор
    • Лайв-ивент
    • Подкаст
    • Он-лайн талкуу
    • Интервью
  • Басма Сөздө
April 23, 2018
info@bulaninstitute.org          КЫР     РУС       EN

  • Башкы бет
  • Биз жөнүндө
    • Биздин максаттар
    • Биздин команда
    • Байланыш
    • Кызматташтык
  • Долбоорлор
    • Дин жана мамлекет
    • Балдардын билим алуу укугун коргоо
    • «Коопсуз мектеп» долбоору
    • Мыкты мугалимдерди колдоо
    • Балдарды мектепке кайтаруу фонду
  • Изилдөө
    • Баяндамалар
    • Эксперттик анализ
    • Инфографика
    • Эксперт менен маек
    • Көз караш
    • Жаңылыктар
  • Булан TV
    • ТВ программалар
    • Тегерек столдор
    • Лайв-ивент
    • Подкаст
    • Он-лайн талкуу
    • Интервью
  • Басма Сөздө
HomeБулан TVОрозбек МОЛДАЛИЕВ: “Медреселердин окуу программасы...

Орозбек МОЛДАЛИЕВ: “Медреселердин окуу программасын эч ким көзөмөлдөбөйт, көпчүлүгү куран жаттатып тим болот”

  • 12.03.2017

Дин маселелери боюнча мыкты эксперттердин бири Орозбек Молдалиев дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссияны бир нече жыл жетектеген. Саясат таануу илимдеринин кандидаты. Борбор Азиядагы коопсуздук маселелери, Ислам жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча бир катар монография жана илимий макалалардын автору.

Жогорудагы сүрөттө: Сокулук районунун Жаңы-Жер округунун Нижне-Восточный айылындагы “Унмузижия”деп аталган медресенин ички көрүнүшү. Автор: Шайырбек Шеров.

– Орозбек мырза, мектеп окуучулары арасында мечитке жана медресеге барып,  динге берилүү  менен мектептен алаксып аткан учурлар байкалат. Деги эле исламдашуу билим берүүгө таасири кандай болууда?

– Ооба, орчундуу көйгөй бар. Айрыкча Ош, Жалал-Абад облустарында жума күндөрү кээ бир балдар мектепке барбайт. Анын ордуна мечитке намазга кетет. Алардын ата-энеси да кошумча болуп атканы өкүнүчтүү. Болбосо “балам алгач сабагыңды оку, анан барасың” деп айтышы керек эле. Бул боюнча мамлекет түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атат. Азыр төрт-беш жыл мурдагыга караганда бираз азайып калды. Бирок маселенин тамыры кала берүүдө.

Дагы бир маселе – медреселер. Бизде катталганы боюнча 100гө жакын медресе бар, 70ке жакыны иштеп атат. Алардын абалы чеке жылытпайт. Негизи медресеге 9-класстан кийин гана окутушу керек. Кээ бир медреселер кичине балдарды деле кабыл алып жатат.

Кийинки жылдары жоолук маселеси көп көтөрүлбөй калды. Эми бул маселенин чыгышына Билим берүү министрлиги да күнөөлүү. “Мектептин уставына жараша кийинсин” деп талапты катуу койгондо маселе эбак чечилмек. Ошону сактабагандан улам ушул көрүнүш кайталанууда.

-Медреселерди ачууга уруксат берүүнү, аларды каттоого алууну жана окуу программасын ким көзөмөлдөйт? Деги эле мамлекеттик органдар алар эмнени окутуп жатканынан кабардарбы?

-Негизи медресе ачууну каалагандар оболу муфтиятка келет. Муфтияттан дин иштери башкармалыгына келип эле уруксат алышат, жада калса облустук казыяттан уруксат алып эле ача бергендери канча?! Медреселерде эми окуу программаларын эч ким көзөмөлдөбөйт. Көпчүлүгү куран жаттатып эле тим болот экен. Сабак бергендер өздөрү сабатсыз. Элестетиңиз, баласы Сирияда согушуп атып өлгөн аял медреседе мугалим болуп иштечү экен. Аттестацияда билинди. Кайра-кайра айтып жатып, жумуштан араң кетиргенбиз. Алардын окуу программасын муфтияттын окуу бөлүмү карашы керек эле, кимдер сабак берип атканын текшериш керек эле.

Бизде акыркы жылдары бир аз жандануу бар. Диний кырдаалды изилдөөчү борборлор ачылган. Ар бир облуска Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын өкүлдөгү бар. Алар диний кырдаалга мониторинг жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. Муфтияттын алдында түзүлгөн комиссия имамдарды жана медреселердин мугалимдерин аттестациядан өткөрүүдө.

Бирок ачык айтуу керек, медреселердин көбү сапаттуу диний билим бербейт, светтик билимди таптакыр окутушпайт. Тогузунчу класстын билими менен барган бала эки-үч жыл окуйт. Ошол медресенин күбөлүгүн алат. Алардын баары эле имам болуп кетпейт. Жогорку окуу жайына тапшырайын десе документи жок. Медресе жөн гана күбөлүк берет, ал диплом катары эч жерде таанылбайт.  Иштейин десе кесиптик билим алган эмес. Азыркы медреселер эч кандай шарты, эч кандай сапаттуу билими жок эле бир жактан демөөрчү таба коюп, бала окутумуш эткен жай болуп жатат. Өзүңдө жетиштүү билим болбосо, балдарга кайсы билимди бермек элең? Биз мунун баарын аныктап, тактаганбыз. Бир аз шарты бар билими барына мөөнөт бергиле, калганын жапкыла дегенбиз. Бирок муфтият аны аткарган жок. Проблема ошондо болуп жатат. Балдарды кыйнап, билимден ажыратып келечегине балта чапмай эле оокат болуп жатат да.

–Эмне үчүн медресе менен мечиттер жайнап кетти? Ушул эки нерсенин көбөйүшү балдарды мектептен алыстатып атат деп ойлойсузбу?

-Эми мечиттер боюнча мындай, аны салгысы келген кишиге жергиликтүү бийлик жер бөлүп бериши керек. Бирок долбооруң, уруксат кагазың кана деп талап кылышы зарыл. Аны сурабай эптеп-септеп сала койгон, каттоодон өтпөй жүргөн мечиттер арбын. Биз үч-төрт жылдан бери каттоодон далайын өткөрдүк. Мечиттин саны көбөйдү деген ошондон чыкты. Саны белгилүү болгондон кийин көбөйүп кеткендей көрүнүп жатат да. Чындап эле мечит көп. Намазга он адам барганына карабай, кичине айылда эки мечит курушкан. Эмне үчүн мындай болгон? Айылдагы уруулар бири-бирине атаандашып салышат экен. Бир эле айылда уруу-уруу жана улут-улут болуп атаандашып мечиттер салынып, бөлүнүп эки башка мечитке барышууда.  Мечиттерди шайлоо маалында добуш алыш үчүн депутаттар, анан атасынын атын койдурам деген аткаминерлер салдырышты.

Темир Сариев премьер-министр болуп турганда бул боюнча кеңешме өткөн. Ошондо муфтият уруксат бермейин салынбасын деген тапшырма болгон. Бирок аны эч ким аткарган жок. Муфтий деле бул маселеге башын ооруткусу келбейт экен. Анткени мечит көбөйгөн сайын буларга пайдалуу.

-Соңку кезде дааватка кетип, жумалап жоголгон ата-энелер пайда болду. Балдардын мектепти таштап, медреседе окуп жатышына ушул нерсе себепкерби?

– Билим берүү жөнүндө мыйзамга толуктоо керек. Ошол эле мыйзамда медресеге 9-класстан кийин барсын деп жазылып турат. Аны деле аткарбай жатышпайбы. Экинчиден, мугалимдердин колунан эмне келет? Ата-энелер аларды тоготобу? Бул жергиликтүү бийликтин иши. Даават жөнүндө 2014-жылы муфтият жаңы устав кабыл алган. Ошондо даават мечитте гана жүрсүн, дааватчылар диний жактан билимдүү болсун, анан улуттук кийим кийсин дегенбиз. Андан кийин муфтият тарабынан даватчыларды окутуу боюнча төрт борбор ачылган. Дааватчылар ошол жерден даярдыктан өтүшөт. Жөн эле жаап, тыйып салалы деген сунуштар да болгон. Бирок булар катталбаган уюм, тизмеси да жок, анан кайсы тыюуга баш ийет? Ошол себептүү, биз Коргоо кеңешинин 2014-жылдагы чечимине ылайык аларды ханафи мазхабынын матуруди акыйдасын (ишенимин) жайылтууда пайдаланалы деп чечкенбиз. Ошол төрт окуу борборунан окугандар дааватты ханафи-мазхабынын негизинде жүргүзүп жатышат. Ханаби мазхаб тынчтыкты жактайт. Бирок ага да баш ийбей өз алдынча дааватка чыккан агымдар бар. Балдарын мектепке протест иретинде жибербей жатат. Бул алардын караңгы экенинен кабар берет. Исламда билим алуу керек деп айтылат. Мухаммед пайгамбардын хадисинде “керек болсо Кытайга чейин барып билим ал” деп жазылып турат. Муфтият буларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек. Эгер эле такыр моюн бербесе, мыйзам чегинде чара көрүүгө туура келет.

-Учурда светтик билим менен диний билим ортосунда чоң ажырым турат. Мындай көрүнүштү токтотуунун кандай жолун сунуш кылат элеңиз?

– Мындан үч жыл мурда диний билим берүү системасын реформалоону баштаганбыз. Чоң тоскоолдуктардан кийин И. Арабаев атындагы университетке пилоттук долбоордун негизинде теологиялык колледж ачылган. Ал жерде балдар Билим берүү министрлигинин стандарты менен окушат. Светтик да, диний да билим алат. Бүткөндөн кийин тиешелүү аттестат жана күбөлүк берилет. Тажрыйба ишке ашкандан кийин бул стандарт бардык медреселерге сунушталат.

Азыр биздин сураныч боюнча, медреселерге АКШ элчилиги жардам берип жатат. Ошонун негизинде анда окуган улан-кыздар кесиптик билим алууда. Бул дагы жакшы жөрөлгө болуп жатат. Биздин заманда жалаң дин менен чектегенде болбойт. Бул жагынан Түркиянын системасы жакшы. Молдого диний да, светтик да билим берет. Магистрдик диссертация жактагандары бар, илимий даражага ээ, заманбап кийинген адамдар.

Биз дагы ушул жолду тандашыбыз керек. Болбосо азыр интернеттин заманы. Ал жерде ар кандай агымдарды өкүлү отурат. Экстремисттик идеяга азгыруу оңой эле. Тыюу салынган диний адабияттардын көпчүлүгүндө “светтик мамлекеттер туура эмес жолдо баратат, халифат курмайын адилеттүүлүк болбойт” деп жазылып турат. Жаштар анан биздин проблемабыз ушул турбайбы деп аларга арбалып жатат. Сирияга кеткендердин чоң толкуну да ошол азгырыкка ишенип алгандар да. Алар халифат курбай эле адам өлтүргөнү барганын кеч түшүндү.

-Диний билим берген адамдардын 20%нда гана базалык билим бар деп атышат. Демек, диний аалымдарды окутуп даярдоону колго албасак болбойт го?

– Диний чөйрөнү жөнгө салууда мамлекеттик органдардын өзүнөн жардам болбой жатпайбы. Баягы эле тааныш-билиштик күчтүүлүк кылып жатат.

Бизде көбүнчө араб мамлекеттеринен окуп келишет. Келгенден кийин иштегени иштейт, калганы бош эле жүрөт. Биз ушул маселени колго алып, диний кадрларды өзүбүз даярдайлы деп чечкенбиз. Муфтият жетекчилерин даярдай турган институт ачканбыз. Ага жыл сайын светтик жана диний билими бар 15 киши гана кабыл алынат. Ушул институтка Билим берүү министрлиги  үч жыл бою лицензия бербей келди. Быйыл январдын башында гана араң алдык. Эми Ак үйдөгү айрым аткаминерлер кийлигишип, Түркия бөлгөн каражатты бербей жатышат. Светтик мамлекет ичинде ушундай түшүнбөстүктөр болууда.

Дагы бир проблеманы айта кетейин. Диний билими бар адистин дипломун биздин мамлекет тааныбайт. Ал боюнча келишим жок. Бирок ошого карабай бир топ Жогорку окуу жайлар диний диплому бар адамдарды магистратурага же сырттан окуу бөлүмүнө кабыл алган. Аларга анан светтик диплом берип коюшкан. Ошентип диний дипломдор легалдашып кеткен. Андайлар муфтияттын системасында, аалымдар кеңешинин мүчөлөрүндө ж.б да бар. Мамлекеттик кызматта да иштеп жүрүшөт. Мунун баары аттестация учурунда билинип калды. Бул тууралуу укук коргоо органдары деле билет. Алар Билим берүү министрлигине бул дипломдорду жокко чыгаргыла деген. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Иштегендер иштеп эле жүрөт.

Түркиянын эки университети бар. Экөө тең теология факультеттерин ачып койду. Биз светтик мамлекетпиз. Теология болсо динди окутуп жатат. Аны жүздөгөн бала бүтүрүп жатат. Бирөө да имам болуп иштеген жок. Бирөө бар эле, ал да Түркияга кетип калды. Муну мамлекет көзөмөлдөшү керек.

-Коңшу мамлекеттер айрым диний агымдарга тыюу салды. Бизде тескерисинче тамыр жайып, өз катарын ар кандай чөйрөдөгү адамдар менен толуктап жатат. Балким Кыргызстанга да катуу чара көрүүгө мезгил жеткендир. Эртең кеч болуп калбайбы?

-Биздин мамлекетте адегенде түшүндүрүү, анан тыюу салуу деген жакшы принцип бар. Мен муну колдойм. Тыюу салган мамлекеттерди да көрдүк. Өзбекстанда “Хизб ут-Тахрирге” тыюу салды эле, алар бизге качып келип бул агымга киргендер Кыргызстанда көбөйүп кетти. Радикализмди, экстремизмди катуу чара менен эч бир мамлекет жогото алган эмес. Биз түшүндүрүү жолу менен, этияттык менен иш жүргүзбөсөк, абал оор бойдон кала берет. Туура билим, туура пикир, туура тарбия болбосо маселе чечилбейт. Ханафи-масхабын ошон үчүн жайылталы деп жатабыз. Бизде азыр экстремизмге күрөш күч органдары тарабынан кармап, камоо менен чектелип жатат. Негизи күрөштү камоо эмес, экстремизмди жокко чыгарган идеология менен күрөшүүдөн баштоо керек. Анүчүн диний окумуштуу, аалымдар түшүндүрүү иштери менен экстремисттик идеологиянын туура эместигин далилдеп бериши зарыл. Бирок ошол иш жеткиликтүү деңгээлде жасалбай жатат. Билимдүүлөрү башын ооруткусу келбейт, билими жокторунун идеологияга каршы күрөшкөнгө деңгээли жетпей жатат. Биз жумушчу топ түзгөнбүз, укук коргоо органдарынын суранычы менен китепче чыгарганбыз. Жумушчу топ бул ишти ара жолго таштабайт, улантат деп ишенем.

-Жогоруда Түркия ачкан университеттерде теология окутулуп жатканын айттыңыз. Ошол эле маалда Нарында Ага Хан университети ачылды. Айрым диний ишмерлер бул окуу жайды каржылаган адамдын диний багытынан чочулап анын кесепети болорун айтып жатышат. Келечекте ар кандай ишенимдеги муундардын кагылышы болбойбу?

-Эми Ага Хан курдуруп берген университети тууралуу айтсам. Ал Кыргызстан, Казахстан, Тажикстан мамлекеттеринин жана Исмаилилердин имамчылыгынын ортосундагы 2000-жылы 31-августта Астанада кол коюлган жана парламенттер ратификациялаган келишимдин негизинде курулду. Биз кайдан болсо эле каршылыштарды издей берсек болбойт. Ваххабизмдин мекени- Сауд Арабиясы. Азыр деле ваххабизмди колдоп атат. Бирок биз алар менен жакшы мамиледе болуп эле, балдарыбыздын көбүн окутпадыкпы?! Шиит багытындагы Ирандын бизге терс таасири болгон эмес. Бирок ал дагы диний таасирин күчөткүсү келет. Бул табигый нерсе. Ал эми исмаилилер X-XI кылымда терроризм менен алектенгени чын.  Аламут мезгилинде низарийлер мурас талашканда жеңилип калып, анан аларга кысым көрсөткөрдөргө жана бийликке каршы террористтик жолго өтүп кетишкен. Кийин ал жолдон кайтышкан. Индия менен Пакистан эки мамлекетке бөлүнүп жатканда, мусулмандарга Ага Хандын чоң атасынын жардамы тийген. Муну терең түшүнүп караш керек. Мусулмандар светтик билим алышы керек деген принципти ошол киши киргизген. Ал эми биздеги Нарын шаарында күзүндө ачылган Борбордук Азия университети светтик гана билим берет. Шарты жакшы. Жаңы технология менен курулду, тереңдиктеги суунун энергиясы менен жылытылып жатат. Айрым чала молдолор билип-билбей айта берет. Бирок ошолорду ээрчигендер да көп болуп жатат.

 

Эрмек Бектуров: “Келечекте медреселер минист...

  • 18.02.2017

Замир кары Ракиев: “Медреселерди реформалоого эми ...

  • 24.03.2017

Share this

96
SHARES
FacebookTwitterGooglePinterest
RedditTumblr

Related Posts

0 comments
ИнтервьюКөз караш

Маметбек Мырзабаев: “Чет өлкөлөрдөн билим алууну жөнгө салуу керек”

Video
0 comments
Булан TV

Булан TV: Дин, жаш жеткинчек жана билим

Video
0 comments
Булан TV

Булан TV: Диний окуу жайларды өзгөртүүгө убакыт келди

0 comments
Диний окуу жайларды реформалооТВ программалар

Булан TV : Медреселердеги абал жана реформалоо концепциясы

Do not miss

0 comments
ИнтервьюКөз караш

Маметбек Мырзабаев: “Чет өлкөлөрдөн билим алууну жөнгө салуу керек”

Маанилүү

Баяндама: Мектептердин бюджеттен жана бюджеттен сы...

  • 31.10.2017
  • 0 comments

“Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселе...

  • 18.04.2017
  • 0 comments

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨН ИСЛАМИЙ ДИНИЙ Б...

  • 03.12.2017
  • 0 comments

Эрмек Бектуров: “Келечекте медреселер минист...

  • 18.02.2017
  • 0 comments

Соңку

Уланбек Өзүбеков: “Мугалимдердин укугун кор...

  • 06.04.2018
  • 0 comments
Video

ТВ программа: “Мектеп жана жаңы муун”

  • 06.04.2018
  • 0 comments
Video

ТВ программа: “Мектеп жана жаңы муун”

  • 06.04.2018
  • 0 comments

«Мектеп курулушунун динамикасы жана авариялык абал...

  • 04.04.2018
  • 0 comments

Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) – Женевада эл аралык өкүлчүлүгү бар жана баш кеңсеси Бишкекте жайгашкан бейөкмөт уюм. Кыргызстанда балдардын сапаттуу билим алууга укуктарын коргоо, мектептеги коопсуздук жана билим сапаты, диний окуу жайларды реформалоого арналган долбоорлордун үстүндө иштейт. Булан институтутунун Борбор Азия боюнча программасы англис тилдеги баракчада жайгашкан. Женевада эл аралык өкүлчүлүгү Бишкектеги эксперттер менен бирдикте региондо диалог куруу, конфликттерди алдын алуу, эл аралык коопсуздук, сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча талкууларды жана анализдерди жүргүзөт.

Эң көп окулгандар

Ишенгүл Болжурова: “Орто билим көйгөйлөрү жана дин...

  • 19.06.2017
  • 0 comments

Ислам Кыргызстандын эгемендик жылдарында (ИНФОГРАФ...

  • 26.10.2017
  • 0 comments

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ: БИР КАДАМ – АЛГА, ЭКИ ...

  • 16.08.2017
  • 0 comments
Video

ТВ программа: “Мектеп жана жаңы муун”

  • 19.03.2018
  • 0 comments
Video

Булан TV: Медреселерге лицензия берүү керекпи?

  • 04.10.2017
  • 0 comments
Video

Бештентек. Толеранттуулук

  • 08.01.2017
  • 0 comments

Соцтармак | Соцсети | We’re Social

fans0
followers0
subscribers0
Copyright © 2016-2017 BulanInstitute.org
Got a hot tip? Send it to us!

Your Name (required)

Your Email (required)

Video URL

Attach Video

Category
SportNewsTechMusic

Your Message

Got a hot tip? Send it to us!

Your Name (required)

Your Email (required)

Attach your CV